Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 136
2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу комитетинин (КМШ АК) байкоочулар миссиясы (тиркеме 1);
- Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джонг Бёнг Ху (тиркеме 2);
- Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (тиркеме 3).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген |
№ | Күб. № | Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм | ФАА | Мамлекет | Ээлеген кызматы |
1 | 037 | КМШ Миссиясы | Гаркун Владимир Гилярович | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
2 | 038 | КМШ Миссиясы | Козяк Евгений Винцентьевич | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Кеңешчиси |
3 | 039 | КМШ Миссиясы | Кулеба Олег Викторович | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Кеңешчиси |
4 | 040 | КМШ Миссиясы | Мальцева Раиса Михайловна | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Бөлүмүнүн начальнигинин орун басары |
5 | 041 | КМШ Миссиясы | Слобода Евгений Александрович | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Бөлүмүнүн начальниги |
6 | 042 | КМШ Миссиясы | Харченко Алла Николаевна | Беларусь Республикасы | КМШ Аткаруучу комитетинин Укук маселелери боюнча серепчи |
| Тиркеме 2 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген |
№ | Күб. № | Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм | ФАА | Мамлекет | Ээлеген кызматы |
1 | 043 | Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Джонг Бёнг Ху | Корея Республикасы | Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы АПЭ |
| Тиркеме 3 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген |
№ | Күб. № | Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм | ФАА | Мамлекет | Ээлеген кызматы |
1 | 044 | Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Вайгаускас Зенонас | Литва Республикасы | Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы |
2 | 045 | Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Данишкевичус Реда | Литва Республикасы | Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча бөлүмүнүн башчысы |