ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 141 «2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция18.09.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-сентябры № 141

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

- Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (1-тиркеме);

- Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдар Ассоциациясынын өкүлдөрү (2-тиркеме);

- Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (3-тиркеме);

- Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (4-тиркеме);

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы (5-тиркеме);

- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү (6-тиркеме);

- Эстония Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (7-тиркеме);

- Ислам кызматташтык уюмунун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү (8-тиркеме).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов