Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 11-марты №01-01/80
««Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
органдарынын ролун жана жоопкерчилигин
жогорулатуу» боюнча сыйлыктарды
белгилөө Жобосу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана активисттеринин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу боюнча коомдук пайдалуу иштерди, кайрымдуулук иш-аракеттерин аткарууда жана активдүү катышууда жана укук бузуулар менен күрөшүүдө, демөөрчүлүктө, башка пайдалуу кызматтарды көрсөтүүдө коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана активисттеринин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу максатында, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун 26-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу» боюнча сыйлыктарды белгилөө» Жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу» боюнча сыйлыктарды белгилөө» Жобосундагы талаптарын туура аткаруу жана колдонуу, шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканаларга милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу» боюнча сыйлыктарды белгилөө» Жобосу, шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканаларга таркатуу шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика маселелери боюнча» » туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Артыков |
| Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: _____________ Б.Артыков Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/80 токтомунун № 1-тиркемеси 2014-жылдын 11-марты |
I. Жалпы жоболор.
II. Сыйлоо чараларын көрүү тартиби.
III. Сыйлыктардын белгилениши.
IV. Корутунду жобо.
I.Жалпы жоболор.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» 2001-жылдын 2-майындагы № 151 Указынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
Бул жобо коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана активисттеринин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу боюнча чараларды белгилейт.
Бул жобо коомдук пайдалуу иштерди, кайрымдуулук иш-аракеттерин аткарууда жана активдүү катышууда жана укук бузуулар менен күрөшүүдө, демөөрчүлүктө, башка пайдалуу кызматтарды көрсөтүүдө, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана активисттеринин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу максатында, төмөнкүдөй сыйлоо чараларды колдонууну белгилейт:
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- Ардак грамота менен сыйлоо;
- «Адеп-ахлактуу үй-бүлө», «Үлгүлүү үй (көчө, квартал)» ардак наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак Тактасына сүрөтүн илүү;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу;
- «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү;
- жергиликтүү бийлик органдары белгилеген сыйлоонун башка чаралары;
- турак жай, жер участкасын алууга, жеке курулушка жана турак жай шарттарын жакшыртууга өзгөчө жеңилдик берүү.
Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү жамаатынын эң жогорку наамы болуп Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» эсептелинет.
Жергиликтүү жамаатын сыйлыктарын ыйгаруу тартиби ушул жобо менен аныкталат
II. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби.
2.1 Кызматкерлерди жана активисттерди сыйлоо чаралары жөнүндө чечим, жарандардын жашаган жери боюнча жалпы чогулуштарында (жыйындарында) жана конференцияларында, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жамааттарынын жалпы чогулуштарында кабыл алынат.
2.2. «Ардактуу атуул» наамы, Кочкор-Ата шаарында түптөлүшүнө, торолушуна, өнүгүшүнө эң көрүнүктүү салым кошкон, өндүрүштө, эл агартууда, саламаттыкты сактоодо жогорку наамдарды алган, Кочкор-Ата шаарында 30 жылдан ашуун жашаган, Кочкор-Ата шаарында бир тармакта 30 жылдан ашуун эмгектенген, Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикасынын өсүүсүнө кошкон салымы бар, кадыр-баркка ээ болгон Кочкор-Ата шаарынын тургуну татыктуу.
- СССРдин, Эмгектин жана Кыргыз Республикасынын баатырлары;
- СССР Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
- Кыргыз Республикасынын орден-медалдары Президенттин, Жогорку Кеңешинин, Прьемер-Министрдин Ардак Грамоталары менен сыйланган;
- Улуу Ата Мекендин, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучулары;
- Областтык, райондук, Кеңештердин эки жолку депутаты болуп шайлангандар, шаардык Кеңештин эки жолку төрагасы болгондор;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, өндүрүш жана муниципалдык тармактарда 30 жыл эмгектенген, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө салым кошууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендер жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкер наамынын ээлери;
- Спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн турнирлерде алдынкы орунду алган спортчуларга жана машыктыруучуларга;
2.3. Көрсөтүлгөн «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу чараларына төмөнкүлөр тиркелет:
- мүнөздөмө;
- таржымал;
- жарандардын жалпы чогулуштарынын (жыйындарынын) жана
конференцияларынын протоколдору;
- ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жамааттарынын жалпы
чогулуштарынын протоколу жана профсоюз уюмунун чогулушунун
протоколдору;
- ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин сунушу;
- квартал башчынын жана Эл башынын сунуш каты.
2.4. «Ардактуу атуул» наамын шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, шаардык Кеңештин сессиясынын чечими менен ыйгарылат.
2.5. «Ардак грамота», баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйлоо
чараларына төмөнкүлөр тиркелет:
-мүнөздөмө;
-шаар тургундарынын жалпы чогулуштарынын (жыйындарынын) жана конференцияларынын протоколдору;
- мекеме ишканалардын жалпы чогулушунун протоколдору жана сунуштама каттары;
«Ардак грамота», баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, шаар тургундарынын жана мекем ишканалардын сунуш катынын негизинде, шаардык Кеңештин жана шаардын мэринин буйругу менен салтанаттуу түрдө, майрамдарда берилет.
III.Сыйлыктардын белгилениши.
3.1. Шаардын ардактуу атуул наамын ыйгарууда, «Ардактуу атуул» китепчеси, «Ардактуу атуул» жазуу менен жазылган кызыл лента тапшырылат жана шаардык Кеңештин бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай сыйлык белгиленет.
3.2. «Ардак грамота», баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйлоо шаардык Кеңештин төрагасынын, шаар мэринин буйругу, кесиптик уюмдун сунушу менен белгиленет.
3.3. «Адеп-ахлактуу үй-бүлө», «Үлгүлүү үй (көчө, квартал)» ардак наамдарын ыйгаруу, шаардык Кеңеш жана шаардын мэриясы менен түзүлгөн комиссиянын чечими менен белгиленет.
3.4. Кошумча акчалай сыйлоону жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу-тескөөчү органдары жана ишканалар, мекемелер жана уюмдар өз компетенцияларынын чегинде, өздүк ресурстарына жараша жүргүзүшөт.
3.5. Шаардын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүү күнүнө карата салтанаттуу майрамда ыйгарылат.
3.6. Башка сыйлоо жөнүндө жарыялоо жана аны тапшыруу, алардын жашаган жери боюнча жарандардын чогулуштарында (жыйындарында) жана конференцияларында, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жалпы чогулуштарында, салтанаттуу жана кеңири ачык-айкындуулук кырдаалында жүргүзүлөт.
IV. Корутунду жобо.
1.1 Кочкор-Ата шаардык «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу» боюнча сыйлыктарды белгилөө жобосу, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин чечими менен жана Кыргыз кРрррлдлодлолдололололололлрРеспубликасынын мыйзамында каралган башка учурларда өзгөрүлөт.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Артыков |