Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-сентябры № 455-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 3-июлундагы № 150 буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 417 "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна 810,0 (сегиз жүз) млн.сом, анын ичинде уставдык капитал берүү үчүн 10,0 (он) млн.сом жана бюджеттик ссуда катары 800,0 (сегиз жүз) млн.сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү караштырылган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому менен карыз жөнүндө милдеттенмени күрөө албастан, төмөнкүдөй шарттарда тариздесин:
- жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуданы алган күндөн тартып 1,5 жыл;
- кредиттик линиянын берилиши - "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун каражатка муктаждыгына жараша транштык кредиттик;
- бюджеттик ссуданы пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 3 процент;
- бюджеттик ссуданын арналышы - "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун алдына коюлган маселелерди чечүү;
- бюджеттик ссуданы жоюу графиги - кредиттик линия мөөнөтүнүн аягында.
3. Бөлүнүүчү каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун жетекчилигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|