Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-октябры № 501-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги белгиленген тартипте:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу Экономикалык стратегия борборунун балансына 2007-жылы чыккан, кузов № 31105070148312, кыймылдаткыч № 73017885 "ГАЗ-31105-100" маркасындагы автоунааны өткөрүп берсин;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин аймактык органынын балансына 1999-жылы чыккан, кузов № JN1СА21D2ХТ153840, кыймылдаткыч № УО30976663, "Нисан-Максима" маркасындагы автоунааны өткөрүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|