Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-апрели № 137 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 371, 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 189, 2008-жылдын 10-июлундагы № 371, 2008-жылдын 14-августундагы № 443, 2009-жылдын 5-мартындагы № 149,2009-жылдын 22-декабрындагы N 797, 2009-жылдын 25-декабрындагы №813 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү,бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана үнөмдүү колдонуу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кызматтык автотранспорттун кызматын пайдаланууга укугу бар кыз-мат адамдарынын тизмеси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- N 2 тиркемеге ылайык (атайын автомашиналарды кошпогондо) гранттык, атайын каражаттардын жана башка булактардын эсебинен сатып алынган автомашиналарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, , Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорун жана аткаруу бийлигинин башка органдарын тейлөө үчүн дежур автомашиналардын санынын лимити;
- командировкалык иш сапарлардын айына 2000 километрден ашпашын эске алуу менен кызмат автотранспортунун жүрүү лимити;
- пайдаланылуучу кызматтык жеңил автомашиналардын кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см. дан ашпоого тийиш экендиги;
- бюджеттик мекемелердин кызматтык автотранспортту пайдалануусунун минималдуу мөөнөтү - сатып алынган күндөн тартып 10 жыл;
- ушул токтомго N 1 тиркемеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын тейлөө үчүн наркы 1000000 сомдон ашпаган, ал эми N 2 көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемелер үчүн наркы 1000000 сомдон ашпаган баада кызматтык жеңил автотранспорт каражаттары сатып алына тургандыгы;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомунун редакция- сына ылайык күчүн жоготту)- автотранспорт каражаттарын баланстан баланска өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана ишке ашырыла тургандыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 371,2009-жылдын 25-декабрындагы N 813 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-1. Бул токтомдун 1 жана 2-пункттарынын колдонулушу Кыргыз Рес-публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын мекеме-лери менен органдарына жайылтылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мекемелери жана укуккоргоо органдары тарабынан автомобиль транспортунун санынын лимити,пайдалануу, сатуу жана баланстан баланска өткөрүп берүү тартиби КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N371 токтомунун редакциясына ылайык) 2-2. Бул токтомдун 2-пунктунун төртүнчү жана алтынчы абзацтарыКыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-тети кыргыз тараптан кошо каржылоо катары бөлүнчү каражаттарга "Салык-тык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо" инвестициялык грантдолбоорунун алкагында сатып алчу автомашиналарга карата колдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 149 токтомунун редакция-сына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлиги-нин башка органдары бир айлык мөөнөттө: - сатып алуу булактарына карабастан борбордук аппараттын жана ве-домстволук структуралардын балансында турган автотранспорт каражаттарынинвентаризация жүргүзүшсүн; - кыскартылууга тийиш болгон автотранспорт каражаттарынын тизмесинаныкташсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалыматберишсин. Мында кыскартылуучу автотранспорт каражаттарынын иштөө абалынкамсыздоо үчүн контролдук министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорунун жана аткаруубийлигинин башка органдарынын жетекчилерине жүктөлөт; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, Куралдуу Күчтөрүнүн ор-гандары жана мекемелери жана укук коргоо органдарынын тармактык өзгөчө-лүктөрүн эске алуу менен атайын автомашиналардын санынын нормативдерименен лимиттерин иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизишсин; - кызматтык автотранспорт сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн буйругу боюнча жүргүзүшсүн; - автотранспорт каражаттарынын жүргөн чакырымга ылайык күйүүчүмайды сарпташына контролдукту белгилешсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 371, 2008-жылдын 14-августундагы N 443 токтомдорунун редакцияларынаылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш баш-кармалыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Иш башкармалыгы,сот органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзү-мүнө кирбеген башка органдар менен кызматтык жењил автомашиналардын са-нынын лимитин белгилөө маселесин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - бир айлык мөөнөттө гранттардын, кредиттердин эсебинен сатыпалынган автотранспортко ревизия жүргүзсүн жана ишке ашырылып жаткан жа-на аяктаган долбоорлор боюнча болгон автотранспорттун тизмесин КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - мамлекеттик мекемелердин кызматтык жењил автотранспортторун са-тып алууга жана күтүүгө каражаттарды бөлүү ушул токтом менен белгилен-ген нормаларга ылайык жүргүзүлсүн; - төмөнкүлөргө белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнчасунуш киргизилсин: "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдалануунутартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 618 токтомуна; - ""Кызматтык иш сапарларга менчик жењил автомобилдерин пайдаланууүчүн компенсациялардын нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 672 токтомуна. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N371 токтомунун редакциясына ылайык) 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиеше-лүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды бир жумалык мөөнөттөиликтеп чыксын жана даярдасын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтомуна N 1 тиркеме Кызматтык жењил автотранспорттун кызматын пайдаланууга укугу бар кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 371 токтомунун редакциясына ылайык) Министр Мамлекеттик комитеттин төрагасы Администрациялык ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынынжетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтомуна N 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана мамлекеттик администрациялык ведомстволорду тейлөө үчүн дежур автомашиналардын санынын ЛИМИТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 189 токтомунун, 2008-жылдын 10-июлундагы N 371 токтомунун редакцияларына ылайык) -----------------------------------------------------------------------| Негизги персонал кызматкерлеринин | Дежур автотранспорттун || санына (адам) | саны ||-------------------------------------------|-------------------------||Республикалык дењгээлдеги мекемелер | ||-------------------------------------------|-------------------------||20га чейин | 1 ||-------------------------------------------|-------------------------||20дан 80ге чейин | 2 ||-------------------------------------------|-------------------------||81ден 150ге чейин | 3 ||-------------------------------------------|-------------------------||151ден 200ге чейин | 4 ||-------------------------------------------|-------------------------||201ден 25Оге чейин | 5 ||-------------------------------------------|-------------------------||250дөн ашык | 9 ||-------------------------------------------|-------------------------||Облустук дењгээлдеги жана Бишкек, Ош | | |шаарларынын мекемелери | ||-------------------------------------------|-------------------------||10дон 30га чейин | 1 ||-------------------------------------------|-------------------------||31ден ашык | 2 ||-------------------------------------------|-------------------------||Райондук жана шаардык дењгээлдеги мекемелер| ||-------------------------------------------|-------------------------||5тен 30га чейин | 1 ||-------------------------------------------|-------------------------||31ден ашык | 2 |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соодаминистрлигине ушул Тиркемеде көрсөтүлгөн лимиттен тышкары ишкердиксубъектилерин негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча тиешелүүиш-чараларды жүргүзүү мезгилинде эки дежур (жењил) автомашинага ээ бо-лууга жол берилет.