Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-октябры № 512-б
2008-жылдын май-июль айларында республиканын Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында болуп өткөн селдин кесепетин жоюу жана жапа чеккен калкка жардам берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- райондордун өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссияларынын актыларына ылайык селден жапа чеккен райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына товардык материалдык ресурстарды бөлүп берсин;
- селден жапа чеккен участкаларда авариялык калыбына калыбына келтирүү иштерин жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" № 509 токтомуна ылайык ачылган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен материалдык-техникалык каражаттардын запастарынын ордун толуктоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 8850000 (сегиз миллион сегиз жүз элүү миң) сом бөлсүн, анын ичинен:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында болгон селдин кесепеттерин жоюу үчүн - 7500000 (жети миллион беш жүз миң) сом;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон селдин кесепетин жоюу үчүн - 600000 (алты жүз миң) сом;
- Нарын облусунун Нарын районунда болгон селдин кесепетин жоюу үчүн - 750000 (жети жүз элүү миң) сом.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|