Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 13-октябры № 529-б

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы № 127-б, 2010-жылдын 9-февралындагы № 38-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 335-б буйругунун 1-пунктун ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда тендердик комиссия түзүлсүн:

Усубалиев Э.Д. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Бердикеев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык системалар башкармалыгынын келечектүү долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги;

Шамшиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү;

Ахматов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар жана активдер башкармалыгынын начальниги;

Шаабаев К.Д. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо башкармалыгынын уюштуруучулук камсыздоо жана протокол бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы № 127-б, 2010-жылдын 9-февралындагы № 38-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Тендердик комиссияга белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин ишке катыштыруу үчүн тартууга укук берилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов