Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-октябры № 539-б
Ош облусунун аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жана Ош облусунун Алай районундагы Нур айылынын жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан калктын турмуш тиричилигин камсыздоо үчүн төмөнкүдөй товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүп берсин:
- кышкы чатырлар - 50 комплект;
- жылыткычтар - 100 даана;
- жылуу кийим - 700 комплект;
- жылуу жууркан - 120 даана;
- ичүүчү суу - 600 литр;
- жер титирөөдөн жабыркаган участоктордо авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурсун жана өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 токтому менен бекитилген Атайын эсептен материалдык-техникалык каражаттардын запастарын толтуруу жана авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 9409,9 миң сом суммасында акча каражат бөлүп берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|