Редакцияот 21.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2008-жылдын 21-октябры № 545-б

Айылдык региондордо таза сууга айыл калкынын жетүүсүн жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария" сунушталган экинчи долбоорду даярдоого аванс (№ Q6250-KG долбоорду даярдоого аванс) төлөө жөнүндө макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария" сунушталган экинчи долбоорду даярдоого аванс төлөө жөнүндө макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов