Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-декабры № 196
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 133 токтому менен 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 8-пункту бузулуп, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынан 3/2синен кем катышуусунда өткөндүктөн, 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 180 токтомунун негизинде көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана натыйжасы жараксыз деп табылып, шайлоо 2015-жылдын 19-ноябрына дайындалган. 2015-жылдын 19-ноябрындагы шайлоосунда бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарынын санын албагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 202-б буйругу менен Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.У.Мамасадыков Ош облустук сотунун 2015-жылдын 12-октябрындагы № АО 04-63 5/15-УД өкүмүнүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 223-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Умаров өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын (жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен) кайра шайлоо, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоо 2015-жылдын 28-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Токтогул, Кара-Суу жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |