Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-октябры № 566-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелинин № 174-б, 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 77-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу максатында:
1. "Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоору боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары - региондук мониторинг секторунун башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;
"Бишкек ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 77-р буйругунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кеңеш бир айлык мөөнөттө Байкоочу кеңештин иштөө регламентин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине бекитүүгө киргизсин.
3. "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорду ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо Байкоочу кеңешке жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-октябры № 566-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелинин № 174-б, 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 77-р, 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу максатында:
1. "Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоору боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкек ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кеңеш бир айлык мөөнөттө Байкоочу кеңештин иштөө регламентин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине бекитүүгө киргизсин.
3. "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорду ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо Байкоочу кеңешке жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
| И.Чудинов |