Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 29-октябры № 566-б

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелинин № 174-б, 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 77-р, 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

 

"Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу максатында:

1. "Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоору боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкү курамда түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

 

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

"Бишкек ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Байкоочу кеңеш бир айлык мөөнөттө Байкоочу кеңештин иштөө регламентин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине бекитүүгө киргизсин.

3. "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорду ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо Байкоочу кеңешке жүктөлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов