Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-январы № 4-б
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Жетиөгүз районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Жетиөгүз району боюнча башкармалыгынын балансында турган 1996-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 3922484, шасси № 1585406 "ВАЗ 21053" маркасындагы кызматтык автомашинаны пайдалануунун белгиленген нормасын өтөп бүткөн катары белгиленген тартипте эсептен чыгарууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Жетиөгүз районунун мамлекеттик администрациясына 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен жана эл депутаттарынын Жетиөгүз райондук кеңешинин 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 49 токтомунун негизинде Жетиөгүз райондук финансы бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Жетиөгүз району боюнча башкармалыгы үчүн техникалык инвентарь жана кызматтык эки автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
3. Кызматтык автомашиналарды жана техникалык инвентарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык ишке ашырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |