Редакцияот 11.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 11-январы № 5-б

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-ноябрындагы № 457-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын иши аяктагандыгы байланыштуу:

1. Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи - Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын актысы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов