РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-январындагы № 5-б «Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө» буйругу

Редакция11.01.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 11-январы № 5-б

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-ноябрындагы № 457-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын иши аяктагандыгы байланыштуу:

1. Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи - Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын актысы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автомобиль жолунун 426дан 498 км чейинки (Күрпсай ГЭСи Бүргөндү участогу) реабилитацияланган участогун белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов