Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-январы № 16-б
Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышын алдын алуу жана диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөөдөгү иштеринин макулдашылгандыгын камсыздоо максатында:
1. Диний экстремизмдин, фундаментализмдин, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик партиясынын иш-аракетинин, диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча 2010-жылга чейин ведомстволор аралык (мындан ары - Ведомстволор аралык план) тиркелген план бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволор аралык пландын иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 21-январындагы № 16-б буйругу менен бекитилген |
№ | Иш чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу мөенөтү | |
1. | Диний уюмдардын жана объектилердин ишмердигин тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана эсептик каттоодон өтүүнү текшерүү | Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - ДИМА), ИИМ, МУКК, Юстмин, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (мындан ары - КМДБ) (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 2008 - жылдын январь — майы | |
2. | Республиканын мечиттеринде имамдарды, имамдардын наибдерин (орун басарларын), мутавалилерди, сопуларды ж.б. кызмат адамдарын белгиленген талаптарга ылйык дайындоо тартибине талдоо жүргүзүү (дайындоо жөнүндө буйруктун. билими жөнүңдө маалыматтын болушун) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан мечиттерди ДИМАда каттоо предметине инвентаризация жүргүзүү КМДБ менен бирдикте дин кызматкерлеринин айлык акы маселелерин иштеп чыгуу | ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2008-жылдын январь - марты | |
3. | Ислам диний окуу жайларынын иш -аракеттеринин абалын, окутуу, окуу программаларынын сапаттарын аныктоо жана ушул окуу жайлардын окуучуларынын тийиштүү окуу жана тиричилик шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында медреселердин жана ислам системасынын башка билим берүү объекттеринин иш - аракеттерине биргелешип мониторинг жүргүзүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу: Окуу жайлардын имараттарынын, жайларынын, архитектуралык-курулуш талаптарын, санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы нормаларга ылайык келиши; - КМДБ бекиткен окуу программаларынын болушу; - жетекчи жана окутуучулук курамда билими жөнүндө керектүү документтин (диплом) болушу; - окутуу үчүн материалдык-техникалык базалардын (окуу инвентары, окутуу бөлмөлөрү, китепкана жана китеп фондулары, компьютердик жабдуу, интернет жана телефон байланышы) болушу; - абитуриенттерди кабыл алуу боюнча тийиштүү документтердин, студенттерди кабыл алуу, курстан Курска которуу, бутүрүү сынактарына катышууга уруксат берүү жана окуу жайды бүткөндүгү жөнүндө документтерди (диплом) берүү тууралуу негиздин болушу; - диний окуу жайлардын билим берүү ишмердигин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде лицензиялоо
| ДИМА, ИИМ, Саламатсакмин, Билиммин, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча)
| 2008-жылдын январь-октябры | |
4. | Республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде «хиджаб» (жоолук) кийүү маселеси боюнча макулдашылган чечим кабыл алуу | ДИМА, Билиммин, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2008 - жылдын январь - октябры | |
5. | Массалык маалымат каражаттары аркылуу экстремисттик агымдардын мааниси жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, экстремисттик, деструктивдүү уюмдардын конституцияга каршы иштеринин фактыларын максаттуу чагылдырууну уюштуруу, алардын ишмердүүлүгүнө бегөт коюу боюнча көрүлгөн чараларды коомчулукка маалымдоо | УТРК (макулдашуу боюнча), ИИМ, МУКК, Билиммин, ДИМА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дайыма | |
6. | ММКны жана жергиликтүү телерадиокомпанияларды пайдалануу менен калк арасында, жалпы билим берүүчү мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында окумуштуулардын, эксперттердин, кадыр-барктуу аалымдардын, теологдордун катышуусу менен экстремисттик уюмдардын иш-аракеттер, айрыкча «Хизб ут-Тахрир» партиясынын, ар кандай деструктивдүү, реакциондук, тоталитардык диний топтордун жана уюмдардын түпкү максаттары жана милдеттери жөнүндө дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | УТРК (макулдашуу боюнча), Билиммин, Дене тарбия жана спорт мамагенттиги, ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, КМДБ (макулдашу боюнча), Кесиптик-техникалык билим берүү мамагенттиги | Дайыма | |
7. | Диндер ортосундагы ыйкы-тыйкылык, башка диндерди жек көрүү, динге ишенүү жана диний ынанымдын мотивдери боюнча басмырлоо көрүнүштөрүнө бөгөт коюу иштерин жүргүзүү | ИИМ, УКК, ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Дайыма | |
8. | Меккеге зыяратчылыкты уюштурууга жана барууга натыйжалуу даярдык көрүү максатында: "'Кыргыз Республикасынан Меккеге зыяратчылыкты уюштуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-ноябрындагы № 581 токтомуна ылайык түзүлуүчү Хаджаны уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын иштиктүү ишин жана ишмердигин камсыздоо; - хаджа уюштурууда өткөн жылдарда кетирилген кемчиликтерди эске алуу - мыйзамдуулукту бекем сактоонун жана болушунча ачык-айкындуулуктун негизинде туристтик уюмдарга конкурстук тандоо жүргүзүү; - КМДБга тийиштүү билими бар, араб тилин билген жана зыяратчылыкты уюштуруу боюнча иш тажрыйбасына ээ болгон, динге ишенгендердин алдында ишенимге жана кадыр-баркка ээ адамдардын арасынан ажы-башыны (топтордун жетекчилерин) аныктоону сунуш кылуу; КМДБга зыяратчылар топторунун жетекчилери үчүн атайын даярдоо курстарды уюштурууну сунуштоо | ДИМА, облмамадминистрациялар, ТИМ, ИИМ, МУКК, Транскоммин, Туризм боюнча мамагенттик, Саламатсакмин, МРТМА, ЧК, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын 2010-жылга чейин | |
9. | Чет өлкөлүк диний борборлордо жана диний окуу жайларда окуган студенттерге көмөк көрсөтүү максатында төмөнкүдөй иштерди жүргүзүү: - калктуу конуштарга, айылдык, шаар башкармалыктарына, райондорго, облустарга карата диний билим алуу үчүн чет өлкөлөрго кеткендердин тизмелерин тактоо; - республиканын жарандарын чет өлкөлөрдө окуу үчүн жиберүүнүн мыйзамдуулугун тактоо (КМДБнын жолдомосунун болушу, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашуу) | ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. ИИМ, ТИМ, Билиммин, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дайыма 2010-жылга чейин | |
10. | Республика үчүн мүнөздүү эмес диний окуулардын жайылышына байланыштуу республикадагы коомдук-саясий кырдаалды эске алуу менен чет өлкөлүк миссионерлердин, миссиялардын, диний уюмдардын, дааватчылардын республикадагы иш-аракетин убактылуу аймактык чектөө жөнүндө маселени изилдөө. КМДБга белгилүү аалымдардан, мечиттердин имамдарынан турган дааватчыларды тартуу менен республикада түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуш кылуу | ДИМА, ИИМ, МУКК, ТИМ, Юстмин, ЧК, орус православ чиркөөсү (мындан ары - ОПЧ, макулдашуу боюнча), КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дайыма 2010-жылга чейин | |
11. | Диний негиздеги жаңжалдардын себептерин аныктоо, жергиликтүү жамааттардын жашоочулары айрым жаңы диний уюмдарды, секталарды кабыл албашы боюнча координацияланган ишти уюштуруу жана алардын диний иш-аракеттеринин максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдөө | ДИМА, ИИМ, МУКК, Юстмин; жергиликтүү мамадминистрациялар, шаар башкармалыктары, айыл өкмөттөрү | Дайыма 2010-жылга чейин | |
12. | Диний негиздеги жаңжалдарга жол бербөө максатында төмөнкүлөрдү жүргүзүү: - жергиликтүү жамааттардын калкынын үрп-адаттарын, каада-салттарын жана менталитетин эске алуу менен диний иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө христиан багытындагы диний уюмдар менен түшүндүрүү иштерин; - дин, эл аралык нормалар жана стандарттар жагындагы мыйзамдар боюнча калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын; - диний уюмдарды жана миссионерлерди эсептик каттоо жөнүндө арыздарды кароодо болжолдонгон диний иш-аракеттин жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен сөзсүз консультация жүргүзүү. | ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, ИИМдин подразделениелери, МУКК, Юстмин | Жыл ичинде дайыма, 2008-2010-жылдар | |
13. | Ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугусуз жашы жетелектерди диний окууга тартууга жана билим берүү жанүндө мыйзамдарды бузууга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары, региондук мамлекеттик башкаруу жана билим берүү органдары менен бирдикте диний уюмдар менен объекттерди тиешелүү текшерүү жүргүзүү | ДИМА, ИИМ, МУКК, Билиммин, Юстмин, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
| Жыл ичинде дайыма, 2008-2010-жылдар | |
14. | Диний уюмдар менен биргелешип, КМДБнын, имамиаттардын, казыяттардын, РПЦнын мамлекеттик органдардын, ӨЭУнун өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний экстремизмге, диний негиздеги жаңжалдарга карты аракеттенүү жол бербөө маселелери боюнча семинарлардын сериясын, "тегерек столдорду" өткөрүү боюнча эт аралык уюмдар - потенциалдуу донорлор менен маселелерди иштеп чыгуу. «Ислам экстремизмге жана терроризмге каршы» деген эл аралык конференция өткөрүү. «Конфессиялардын баарлашуусу – ынтымакка карай жол» деген конференция өткөрүү. «Толеранттуулук - көп конфессиялуу коомдо өз ара түшүнүүнүн жана ынтымактын негизи катары» деген «тегерек столдордун» сериясын уюштуруу.
| ДИМА, УИА, Омбудсмен (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча), Билиммин, КМДБнын, РПЦнын ж.б. диний конфессиялардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | Дайыма 2008-2010-жылдар 2008-жыл 2008-2009-жылдар 2008-2010-жылдар | |
15. | Дин иштери боюнча ведомстволук аралык кеңештин чечимдеринин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы Дин иштери боюнча координациялык кецештердин иштерин кучөтүү | ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар, жсргиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 2008-2010-жылдар | |
16. | КМДБга улуттук салтка айланган аза күтүү ырасымдарын ж.б. үрп-адаттарды алкоголдук ичимдиктерди колдонбостон, ашыкча чыгашасыз өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү сунуштоо. Диний уюмдарын, жергиликтүү активди жана коомчулукту, ММКны тартуу менен калк арасында кеңири түшундүрүү иштерин жүргүзүү. ДИМА тарабынан үрп-адат ырасымдарын тартипке келтирүү жана аларды өткөрүүдө сарптоолорду кыскартуу боюнча КМДБнын кайрылууларына көмөк көрсөтүү | ДИМА, Маданиятмин, Кыргызстан калкынын ассоциациясы (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча)
| Дайыма, 2008-2010-жылдар | |
17. | КМДБга билим деңгээлин жогорулатуу жана диний экстремизмге карты күрөшүүдө дин кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү максатында исламдык диний окуу жайларынын жетекчилерин жана окутуучуларын (мударистердин), имамдарды аттестация жүргүзүүнү сунуш кылуу жана ага көмөк көрсөтүү. Чет өлкөлөрдөгү диний диний окуу жайларды аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин тактоо, аларды ишке орноштуруудагы абалды талдоо. Республиканын жогорку окуу жайларынын теологиялык факультеттеринин базасында туруктуу негизде имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кыска мөөнеттүү курстарды ачуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу | ДИМА, Билиммин, Мамкоммиграция, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дайыма, 2008-2010- жылдар | |
18. | Диний уюмдардын потенциалын пайдалануу менен баңгиликтин, алкоголизмдин алдын алуу жана профилактикалоо, ВИЧ/СПИДдин ж.б. терс көрүнүштөрдүн жайылышына жол бербөө боюнча мамлекеттик башкаруу органдары, диний уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен бирдикте координацияланган иш жүргүзүү
| ДИМА, Билиммин, Саламаттыксактоомин, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча), РПЦ (макулдашуу боюнча) | Дайыма, 2008-2010- жылдар | |
19. | Диний иш жүргүзүү максатында өлкөгө келишкен чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана паспорттук-визалык режимди сакташына контролдукту күчөтүү | ДИМА, ИИМ, МУКК, ЧК подразделениелери, Мамкоммиграция, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Дайыма, 2008-2010-жылдар | |
20. | Диний иш жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандардын иштерине дайыма талдоо жүргүзүү жана экстремисттик, деструктивдүү, реакциондук мүнөздөгү идеяларды пропагандалоочу миссионерлердин иштерине жол бербөө жана бөгөт коюу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ИИМ, МУКК, ДИМА, жергиликтүү мамадминистрациялар. жергиликтуү өз алдынча башкаруу органдары | Дайыма, 2008-2010-жылдар | |
21. | Адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кирип-чыгышында, ошондой эле жүктөрдү алып келүүдө жана алып чыгууда диний-экстремисттик, фундаменталисттик мүнөздөгү адабияттарды ташып келүүгө жана ташып чыгууга жол бербөө максатында биргелешкен иш-аракеттердин механизми жөнүндө маселени иштеп чыгуу | ИИМ, МУКК, ЧК, Бажыком | 2008-жылдын январь-октябры | |
22. | КМШга катышуучу мамлекеттердин, атап айтканда Өзбекстан Республикасынын диний жек көрүүчүлүккө жана зомбулукка каршы күрөшүү, диний экстремизмге каршы туруу маселелери боюнча мыйзамдарына, эл аралык укуктук актыларга талдоо жүргүзүү. Диний экстремизм дин, фундаментализмдин жана диний негиздеги жаңжалдардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча иштердин практикасына диний экстремизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбаларын киргизүү. Диний көмөкчүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизүү | ТИМ, Юстмин, ИИМ, МУКК, ДИМА | 2008-жылдын январь-июну | |
23. | Диний уюмдардын, объекттердин реестрин түзүү жана республиканын аймагында тыюу салынууга тийиш болгон экстремисттик, реакциялык жана деструктивдүү категорияга туура келген тигил же бул диний уюмдарды таануу критерийин иштеп чыгуу. | МУКК, ИИМ, ТИМ, Юстмин, ДИМА, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | 2008-жылдын январы | |
24. | Иш-аракеттердин ушул биргелешкен планын ишке ашыруу жыйынтыгын жыл сайын чыгаруу. Бул планды ишке ашыруунун натыйжаларын жылына кеминде эки жолудан кем эмес Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңештин кароосуна киргизүү | Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш, ДИМА | январь, 2008, 2009, 2010-жылдар | |
25. | Диний экстремизмге, фундаментализмге каршы күрөшүү жана алдын алуу, диний негиздеги жаңжалдарга жол бербөө боюнча иштин абалынын маселелери жагынан облустук мамлекеттик администрациялар, КМДБ, облустардын казыяттары, жер-жерлердеги күч жана укук коргоо | ДИМА, ИИМ, МУКК, жергиликтүү мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КМДБ (макулдашуу боюнча) |
| |
| түзүмдөрү, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери менен бирдикте биргелешкен кеңешме-семинарларды өткөрүү: - Баткен облустук мамлекеттик администрациясында; - Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясында; - Ош шаарынын мэриясында; - Талас облустук мамлекеттик администрациясында; - Ош облустук мамлекеттик администрациясында; - Чуй облустук мамлекеттик администрациясында; - Бишкек шаарынын мэриясында; - Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясында; - Нарын облустук мамлекеттик администрациясында |
| апрель, 2008, 2009, 2010-жж. апрель, 2008, 2009, 2010-жж. май, 2008, 2009, 2010-жж. май, 2008, 2009, 2010-жж. июнь, 2008, 2009, 2010-жж. июнь, 2008, 2009, 2010-жж. июль, 2008, 2009, 2010-жж. июль, 2008, 2009, 2010-жж. сентябрь, 2008, 2009, 2010-жж. | |