КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-январы № 28-б
Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине атайын каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Улуттук китеп палатасы жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры үчүн бирден автомобиль транспортун сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомобиль транспортун сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |