Редакцияот 12.02.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 12-февралы № 42-б

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - Кыргыз Республикасынын аскердик прокурорунун Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кызыкчылыгы үчүн Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 513 "Турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берген доо арызынын негизинде:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевнага аталган иш боюнча бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов