Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-февралы № 45-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык ведомстволор аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы № 474 токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу оңдоолорду жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги,
эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы салтка айланып калган достук мамилелерин эске алып,
кызматташтыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн достук мамилелерин андан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалап,
кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү тынчтыктын жана коопсуздуктун андан аркы алга жылышына салым кошот деп эсептеп,
эки тараптуу кызматташтыктын маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык маселелер боюнча ар кандай деңгээлде эки өлкөнүн ортосунда консультацияларды дайыма өткөрүү максатында,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин жактагандыгын ырастап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу жана эл аралык маселелер боюнча эки тараптуу мамилелердин бардык аспекттерин кароо жана пикир алмашуу максатында өз ара макулдашуу боюнча консультацияларды дайыма өткөрүп турушат.
2-статья.
Эки тараптуу консультациялар саясий, социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык маселелерге арналат.
3-статья.
Эки тараптуу консультациялар кезеги менен Бишкек шаарында жана Каир шаарында макулдашуу боюнча ар кандай деңгээлде өткөрүлөт.
4-статья.
Консультацияларды өткөрүү күнү, орду жана күн тартиби дипломатиялык каналдар аркылуу аныкталат.
5-статья.
Эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгы, эгерде Тараптардын атайын, кошумча келишими жок болсо, жарыяланбайт.
6-статья.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протоколдор менен таризделет.
7-статья.
Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу мезгилинде келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-статья.
Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жылга чейин күчүндө болот Анын колдонулушу Тараптардын бири ушул Меморандумдун колдонулуу мөөнөтүн токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка алты ай калганга чейин билдирмейинче кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартыла берет.
Бишкек шаарында 2008-жылдын "________" февралында эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ
Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн | Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн |