Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-февралы № 58-б
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Жалал-Абад шаарынын мэринин жана Жалал-Абад шаарынын шаардык кеңешинин төрагасынын кайрылууларын эске алуу менен төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
1. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө белгиленген тартипте:
- 1977-жылы чыккан, кузов № 0112242, кыймылдаткыч № 0860800 "Жигули-ВАЗ-2106" маркасындагы автомашинаны сатууга;
- аталган автомобилди сатуудан түшкөн каражаттардын жана Жалал-Абад шаарынын бюджетинен берилүүчү финансылык каражаттардын эсебинен бир жеңил автомашина сатып алууга.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |