Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-февралы № 62-б
Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга, республиканын шаарларын жана калктуу конуштарын көрктөндүрүүгө шарт түзгөн коргоочу жана жашылдандыруучу бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Токой, бак-дарактарды отургузуу жана республиканын шаарларын жана калктуу конуштарын көрктөндүрүү боюнча 2008-жылдын 1-мартынан тартып 1-июнуна чейин айлык жарыялансын.
2. Токойду калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштерин, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча № 1 тиркемеге ылайык курамда республикалык штаб түзүлсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- токойду калыбына келтирүү жана жашылдандыруу боюнча массалык иштерди, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө карата иш-чараларды өткөрүүнү уюштурушсун;
- № 2 тиркемеге ылайык форма боюнча облустарга, райондорго, шаарларга карата жүргүзүлгөн иштер жөнүндө декада сайын штабга маалымдап турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик аталган иш-чараларды аткаруу үчүн заказчылардын өтүнүч-арыздарына ылайык зарыл көлөмдө жана ассортиментте көчөт материал менен камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигине, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" газеталарынын редакцияларына токой, бак-дарактарды отургузуу жана республиканын шаарларын жана калктуу конуштарын көрктөндүрүү боюнча жалпы республикалык ишенбиликке жана айлыкка даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды кеңири чагылдырууну камсыздоо сунушталсын.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 62-б буйругуна № 1 тиркеме |
Токойду калыбына келтирүү жана
жашылдандыруу иштерин, шаарларды жана
калктуу конуштарды көрктөндүрүү иш-чараларын
даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, штабдын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Тулеев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча секторунун башчысы;
Тарбинский О.С. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Аланов А.А. - Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Кадырбаев А.Т. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Курбанов Ж.К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Султаналиев Т.О. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Бакашов М.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Чаргынов К.С. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 62-б буйругуна № 2 тиркеме |
Токой, бак-дарактарды отургузуу жана
республиканын шаарларын жана калктуу конуштарын
көрктөндүрүү боюнча жалпы республикалык ишембилик
жана айлык өткөрүү боюнча
МААЛЫМАТ
┌──┬────────────────────────────────┬─────────────┬──────────┬────────┐
│ №│ Иш-чаралардын аталышы │Облус боюнча │ Райондор │Шаарлар │
│ │ │ бардыгы │ боюнча │ боюнча │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│1 │Ишембиликке катышуучу уюмдардын │ │ │ │
│ │жана коллективдердин саны │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│2 │Катышкан адамдардын саны │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│3 │Аткарылган иштердин болжолдуу │ │ │ │
│ │наркы (миң.сом) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│4 │Канча парк, сквер, бакча │ │ │ │
│ │салынган │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│5 │Отургузулган бардык │ │ │ │
│ │бак-дарактардын саны (даана) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│6 │Отургузулган бардык көчөттөрдүн │ │ │ │
│ │саны (даана) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│7 │Ремонттолгон жолдор жана │ │ │ │
│ │тротуарлар (м) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│8 │Санитардык тазалоо, │ │ │ │
│ │бак-дарактарды актоо (даана) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│9 │Орнотулган тосмолор (узундугу) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│10│Чыгарылган таштандылар (тонна) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│11│Тазаланган арык тармагы (км.) │ │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────┼──────────┼────────┤
│12│Иштердин башка түрлөрү │ │ │ │
└──┴────────────────────────────────┴─────────────┴──────────┴────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |