Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-февралы № 64-б
1. Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-7-мартында мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен заседаниеси өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы бекитилсин.
3. Аталган заседаниени өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн баруусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 64-б буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-мылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;
Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары;
Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын бөлүм начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын жетектөөчү адиси;
Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору;
Ботобаев К.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Мырзаев А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Алабука райондук башкармалыгынын начальниги;
Эргешев А.М. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;
Чоңмурунов А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |