Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-марты № 79-б
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын райондордун, ошондой эле башка оор жаратылыш-климаттык шарттары бар категорияга киргизүү критерийлеринин системасын өркүндөтүү максатында:
1. Калктуу конуштарды Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын райондордун категориясына киргизүү критерийлеринин системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу комиссия тиркемеге (мындан ары - жумушчу комиссия) ылайык курамда түзүлсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жумушчу комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
3. Жумушчу комиссия:
- зарыл учурларда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун кызматкерлерин ишке тартсын;
- 2008-жылдын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө калктуу конуштарды Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын райондордун категориясына киргизүү критерийлерин өркүндөтүү боюнча сунуш киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июнундагы № 272-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 550-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 84-б буйругу.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-мартындагы № 79-б буйругуна тиркеме |
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу комиссиянын төрагасы;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;
Миңбаева Д.Д. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;
Абдыраимова Р.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жээнбеков А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Орозалиев Т.О. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Султаналиева Г.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Калмаматов А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Каримов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Каниметов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Исаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук талдоо жана экспертиза секторунун башчысы;
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Шаназаров А.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы институтунун директору;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору;
Бейшеналиева П.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын башкы адиси;
Дюшембиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Торгашова Л.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бөкөнбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүү улуттук борборунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Атабаева Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактарды экономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |