КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-марты № 81-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 421-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттары, биринчи кабаттагы жайлар (ашкана, вестибюль, чарбалык кошумча курулуш) жана анын жанындагы аймак;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтуна таандык Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан аймактын түндүк тарабындагы жалпы аянты 1500 (бир мин беш жүз) квадрат метр болгон курулуш материалдарды жыюу үчүн участок.".
Премьер-министр | И.Чудинов |