Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-марты № 99-б
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 31-декабрындагы № 708-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан жана орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын мэри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
- "Дебра" Кыргыз Республикасынын банктарын өзгөртүп кайра түзүү жана карыздарын реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин секретариатынын эксперти (макулдашуу боюнча).
Кеңеш берүүчү добуш укугу менен:
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экономисти (макулдашуу боюнча);
- Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча USAID долбоорунун директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 708-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жумушчу топ он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын.
2-1. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоордун (USAID) колдоосунда (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 708-б буйругунун редакциясына ылайык)
2-2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана борбордук органдарынын жетекчилери аталган топтордун натыйжалуу иштеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлору менен нормативдик укуктук актыларын макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүүдө убакытты кыскартуу максатында тиешелүү эксперттик жумушчу топтордун ишине алардын кызматкерлеринин милдеттүү жана активдүү катышуусун камсыздашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 708-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |