Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 31-декабры № 708-б
Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жана Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган системалуу реформаларды андан ары жүргүзүү, реформаларды жүргүзүү боюнча натыйжалуу сунуштарды жана иш-чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле иш-чараларды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн аткаруу бийлиги органдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-мартындагы № 99-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан жана орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын мэри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
- "Дебра" Кыргыз Республикасынын банктарын өзгөртүп кайра түзүү жана карыздарын реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин секретариатынын эксперти (макулдашуу боюнча).
Кеңеш берүүчү добуш укугу менен:
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экономисти (макулдашуу боюнча);
- Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча USAID долбоорунун директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).";
- 2-пункттагы "он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "2008-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоордун (USAID) колдоосунда (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги камсыз кылат.
2-2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана борбордук органдарынын жетекчилери аталган топтордун натыйжалуу иштеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлору менен нормативдик укуктук актыларын макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүүдө убакытты кыскартуу максатында тиешелүү эксперттик жумушчу топтордун ишине алардын кызматкерлеринин милдеттүү жана активдүү катышуусун камсыздашсын.".
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|