Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 25-марты № 102-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Кыргызстандын элине кайрылуусунда коюлган милдеттерге ылайык, республиканын түштүк облустарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кризиске каршы атайын программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ республиканын түштүк облустарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кризиске каршы атайын программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2008-жылдын июнунун аягына чейин берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-мартындагы № 102-б буйругуна тиркеме |
Республиканын түштүк облустарын
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
кризиске каршы атайын программасын
иштеп чыгуу боюнча ведомстволор
аралык жумушчу топтун
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Джалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык саясатты талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин региондук саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин экономика жана болжолдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо-алдын ала жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин отун ресурстары бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин машина куруу, кен казуу жана металлургия өнөр жайы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин миграциялык программалардын стратегиясы жана жөнгө салуу секторунун башкы адиси;
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана ишкердикти колдоо бөлүмүнүн начальниги;
Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын Экономикалык өнүктүрүү соода бөлүмүнүн начальниги,
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |