Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-апрели № 131-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-мартындагы отурумунун № 4 протоколуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн проблемалары жана келечеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун толуктап иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн проблемалары жана келечеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун бир айлык мөөнөттө толуктап иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 131-б буйругуна тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын
өнүктүрүүнүн проблемалары жана келечеги жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун
долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн ведомстволор
аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Абылкасымов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги;
Бекишов У.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Мурзахалилов К.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Сабыров Ы.Т. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Турганбаев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Чолпонкулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Шарапов З.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Эсенкулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |