Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-апрели № 175-б
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-сентябрындагы № 421-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана финансылык абалын оңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиациялык кырсыктын кесепетине байланыштуу жалпы наркы бир млн. жүз алтымыш миң сексен алты АКШ доллары болгон Ми-8МТВ № ЕХ-905, мурдагы номери 25148, заводдук № 96155, Ми-8МТВ № ЕХ-902, мурдагы номери 25182 заводдук № 95521 вертолетторун, Як-40 № ЕХ-901, мурдагы номери № ЕХ-87379, заводдук № 9411030А самолетун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканасынын балансынан эсептен чыгарсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканасынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карызын Ми-8МТВ № ЕХ-902, № ЕХ-905 вертолетторунун жана Як-40 № ЕХ-901 самолетунун наркындагы бир млн. жүз алтымыш миң сексен алты АКШ доллары суммасына азайтсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканасынын ортосунда түзүлгөн Карыз милдеттенмесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- кредитти жоюунун графигине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканасы:
- белгиленген тартипте Ми-8МТВ № ЕХ-911 вертолетун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааласын жана сатсын;
- сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна карыздын негизги суммасы боюнча калган бөлүгүн жана карызды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн салынган айыптарды жойсун, Ми-8МТВ № ЕХ-911 вертолетун капиталдык оңдоо жүргүзгөн инвесторлордун алдындагы карызын төлөсүн;
- өз каражаттарынын эсебинен Россия Федерациясы берип жаткан Ан-26 самолетун калдык наркы боюнча сатып алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |