Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-сентябры № 421-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 175-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиация департаменти" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы "азайтсын" деген сөз "эсептен чыгарсын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү" деген сөздөр "транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |