Редакцияот 16.05.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 215-б буйругуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 16-майы № 215-б

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерин дарылоо-профилактикалык тейлөө максатында:

1. Кыргызстандын эл аралык университети "Асыл" балдардын ден соолугун чыңдоо борборун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин балансына аныкталган тартипте өткөрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттин белгиленген тартипте өткөрүлүшүн-кабыл алынышын камсыздасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов