КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-июну № 215-б
Билим берүү системасынын кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан "Асыл" ден соолукту чыңдоочу балдар комплексин жанаша жайгашкан аймагы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объектти оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- аталган объектти максаттуу багыты боюнча пайдалансын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларын көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 215-б буйругунун колдонулушу жокко чыгарылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |