Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 24-майы № 242-б
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Авиациялык курал-жарактар кампасын куруу жана пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө 2002-жылдын 1-майындагы № SWD-OEF-112 эл аралык келишимине жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Жаңы чатыр шаарчасын куруу жана пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө 2002-жылдын 15-апрелиндеги № SAS-OEF-0302 эл аралык келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдордун долбоорлору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине аталган протоколдорго принциптүү эмес жана редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2001-жылдын 5-декабрындагы макулдашууга негизденип,
Бишкек шаарында 2002-жылдын 1-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Авиациялык курал-жарактар кампасын куруу жана пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө № SAS-OEF-0302 эл аралык келишиминин (мындан ары - Эл аралык келишим) 12-беренесин жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Эл аралык келишимдин 2-беренесиндеги жана 4-беренесиндеги "532,2"
деген цифралар "195,43" деген цифраларга алмаштырылсын.
Бул Протоколдун тиркемесинде Эл аралык келишим жарым-жартылай үзгүлтүккө учурагандан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинде убактылуу пайдаланууда калган, координаттары менен жер участогунун планы көрсөтүлгөн жана Эл аралык келишимдин 2-беренесинде көрсөтүлгөн А тиркемесин өзү менен алмаштырат.
2-берене.
Эл аралык келишимдин 5-беренесиндеги "435631" деген цифралар "178228,1" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Бул Протокол Эл аралык келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат, ал кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Эл аралык келишимдин аракети токтогон учурдан тартып өзүнүн колдонулушун токтотот.
Бишкек шаарында 2008-жылдын "_____"_______________эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Күбө: | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн
|
Күбө: | Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги үчүн |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2001-жылдын 5-декабрындагы макулдашууга негизденип,
Бишкек шаарында 2002-жылдын 15-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Жаңы чатыр шаарчасын куруу жана пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө 2002-жылдын 15-апрелиндеги № SAS-OEF-0302 эл аралык келишиминин (мындан ары - Эл аралык келишим) 12-беренесин жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты,
1-берене.
Эл аралык келишимдин 2-беренесиндеги жана 4-беренесиндеги "296" деген цифралар "27,53" деген цифраларга алмаштырылсын.
Бул Протоколдун тиркемесинде Эл аралык келишим жарым-жартылай үзгүлтүккө учурагандан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинде убактылуу пайдаланууда калган, координаттары менен жер участогунун планы көрсөтүлгөн жана Эл аралык келишимдин 2-беренесинде көрсөтүлгөн А тиркемесин өзү менен алмаштырат.
2-берене.
Эл аралык келишимдин 5-беренесиндеги "462893" деген цифралар "43683,7" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Бул Протокол Эл аралык келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат, ал кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Эл аралык келишимдин аракети токтогон учурдан тартып өзүнүн колдонулушун токтотот.
Бишкек шаарында 2008-жылдын "__________" ________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Күбө: | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн
|
Күбө: | Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги үчүн |