Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-сентябрындагы № 461-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-майы № 252-б
Бишкек шаарында 2008-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын экинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, комиссиянын төрагасы;
Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы;
Абдыбалы тегин Сүйөркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Бөкенбаев Кулубек Жоомартович - Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Жумалиев Мухтар Кабылбекович - Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Калман уулу Каныбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жарнама-маалыматтык камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мамытов Марат Абдыбарович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика жана газ башкармалыгынын начальниги;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Ормонбекова Ардакбүбү Ормонбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү;
Юсупова Асел Байышевна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси.
2. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү өз ишмердигинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке ала тургандыгы белгиленсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |