Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 1-июну № 273-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган билдирүүсүндө коюлган милдеттерди аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Сооданы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Мамлекеттик органдар:
Муканбетов С. Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Каниметов К.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, региондук сооданы либералдаштыруу жана бажы реформасы боюнча ЮСАИД долбоорунун консультанты, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Абдыбалы тегин - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Суеркул төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Алимбаев Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Асанова Г.П. - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Жаилов Д.С. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин алдындагы Экономикалык стратегиялар борборунун директорунун орун басары;
Жаманкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Давлеткелдиева Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Жигитов А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Дюшеев Т.С. - Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Ормушев К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын статс-катчысы;
Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Киселева Р.Х. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тышкы соода саясаты жана ДСУ бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жооптуу катчысы.
Бизнес-коомчулуктар:
Абдраев А.К. - Кыргыз Республикасынын Банктар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Бейшеналиев А.Б. - Жаш ишкерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Давлеталиев З.Д. - Кыргыз Республикасынын Бизнес-ассоциациялары конгрессинин долбоорлору боюнча менеджер, эл аралык логистика жаатында эксперт (макулдашуу боюнча);
Десятников П.Н. - "Дос ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Исманкулов К. - Экспедиторлор ассоциациясынын жооптуу катчысы, транспорт жана эл аралык логистика жаатында эксперт (макулдашуу боюнча);
Карчин Ю.И. - Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Ким Т.М. - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Пономарев С.В. - Рыноктордун, соода жана кызмат көрсөтүү мекемелери ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Сейдакматова Ч.О. - Кыргыз Республикасынын Бизнес-ассоциациялары конгрессинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Турсунбеков Ч.А. - Кыргыз Республикасынын ишкерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди, донордук жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн жумушка тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ төрт айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Сооданы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердигин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |