Загрузка документа…
Биз конституциялык өзгөртүүлөрдү соңуна чыгардык. Саясий стабилдүүлүк үчүн бардык шарт түзүлдү. Менин оюмча прогрессивдүү жана ишке жөндөмдүү парламент түзүлдү, Өкмөттүн жаңы курамын бекиттик. Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн бардык багыттары боюнча жакшы жылыштар бар.
Азыр болсо бийликтин бардык бутактарынын алдында бир гана милдет турат. Ал биздин стратегиялык максаттарга ылайык экономикалык жана социалдык реформаларды кыска мөөнөттө ишке ашыруу. Бул максаттар мурдараак менин Кыргызстан элине болгон кайрылуумда жана Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясында аныкталган.
2008-жыл чечүүчү жана бурулуш жылы болууга тийиш. Акыркы жылдардагы позитивдүү өзгөрүштөрдүн негизинде реформаларда маанилүү кадамдарды тайсалдабай, тайманбай жасасак болот.
Бүгүнкү макроэкономикалык көрсөткүчтөр жаман эмес. Экономиканын өсүшү 8 пайыздын тегерегин түздү. Мамлекеттик бюджеттин көлөмү 41 млрд. сомго жетип, 2005-жылга карата 2 эседен ашык көбөйдү. Тышкы соода чөйрөсү жакшырып, өлкөнүн экспорт мүмкүнчүлүгү да артууда.
Саясий процесстерге карабастан, мамлекет аракетти чечүүчү реформаларды ишке ашырууга багыттай алды. Өз күчүбүз менен биз ири энергетикалык объекттердин курулушун баштадык. Энергетика жана тоо кен секторунда структуралык өзгөртүүлөргө платформа түзүлдү. Өлкөдө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады. Пландаган темп менен транс-улуттук магистралдардын реконструкциясы гана жүргүзүлбөстөн, биринчи жолу республиканын ичиндеги жолдор дагы оңдолууда.
Өлкөнүн айыл чарбасына жана агроөнөр жай секторуна жигердүү колдоо көрсөтүлүүдө. Ирригация системасына инвестициялар көбөйдү. Дыйкандар жана фермерлер ссуда, техника, минералдык жер семирткичтерди, дизель майын финансы жана товар түрүндө жардам алып жатышат.
Бизнес процесстерин, тышкы соода процедураларын либералдаштыруу жүрүп жатат. Бизнес шарттарын жакшыртуунун натыйжасында тышкы жана ички инвестициялар жылдан жылга көбөйүүдө.
Экономика өнүгүүсүнүн артыкчылыктары өлкөнүн көптөгөн социалдык маселелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Биринчи кезекте жарандардан эмгегине татыктуу эмгек акы төлөө маселесин чечүүдө оң жылыш болду. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы дээрлик 60 пайызга жогорулады. Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын тарыхындагы эң көп жогорулаш.
Пенсия төлөөнү системалуу көбөйтүү боюнча иш башталды. Акыркы жарым жылда пенсиялардын база бөлүгү эки жолу жогорулатылды, камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынды. Республикалык бюджеттин каражаттарынан системалуу түрдө ай сайын электроэнергия үчүн компенсация төлөнүп жатат.
Жыл сайын курулган мектептердин саны көбөйүүдө. 3 жылдын ичинде биз 177 мектеп курдук. Ушундай эле колдоо саламаттыксактоо тармагына көрсөтүлдү. Былтыр 2005-жылга караганда 5 эсе көп ФАПтар курулган жана оңдолгон. Жылдан жылга маданий чөйрөнүн мекемелерине колдоо көбүрөөк көрсөтүлүүдө.
Өткөн жылдары өлкөбүз олуттуу саясий активге ээ болду. Биз бүт дүйнө жүзүн жалпы саясий жана дүйнөлүк чарба процесстерине татыктуу өнөк катары кошула турганыбызга ишендире алдык. Өлкөнүн тышкы саясаты өнүгүүнүн жаңы этабынын максаттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкташып келе жатат. Биз иш жүзүндө тышкы саясаттын инструменттерин экономикага орчундуу пайда келтирүү, абдан маанилүү жалпы улуттук маселелерди чечүү максатында колдоно баштадык.
Бирок, ушул позитивдүү процесстерге карабастан Өкмөттүн жана Парламенттин жаңы курамы туш келе турган бир катар татаал маселелер бар. Алардын айрымдары жөнүндө кээ-бир партиялар шайлоонун алдында айтышкан. Көз каранды эмес эксперттер дагы өздөрүнүн талдоолорунда бул тууралу белгилеп жатышат. Ушул маселелердин курч жана актуалдуу экенин эске алуу менен сиздер менен бирге талкуулап жана тиешелүү милдеттерди койгум келет.
Биринчи олуттуу маселе - баалардын орчундуу өсүшү жана инфляциянын жогорку деңгээлинин сакталышы. Сиздер энергоресурстарга баалардын өсүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларын жакшы билесиздер. Кыргызстан үчүн газга жана күйүүчү майларга баалардын орчундуу жогорулашы өзгөчө катуу таасир тийгизет. Мурункудай эле биздин экономика дүйнөлүк продукт рыногундагы өзгөрүүлөргө өтө сезимтал бойдон калууда. Ушунун баары биригип эгерде тиешелүү чара көрүлбөсө 2008-жылдын биринчи кварталында эле баалардын кескин жогорулашына алып келет.
Олуттуу чочулоо пайда кылган маселелердин экинчи тобу - бул инфраструктуранын уламдан улам эскирип бара жатканы менен байланыштуу. Асыресе, өтө принципиалдуу маселе - бул ири шаарларда турак-жай коммуналдык чарбасы 80 пайызга эскиргени, ошондой эле энергетика компанияларындагы жабдуулардын жана электр линияларынын эскирип, коркунучтуу абалда турганы. Бул маселе жол секторуна дагы тиешелүү, анда жылына 100 км жол иштен чыгып жатат. Бүгүн биз бул маселелерди чече баштабасак эртең техногендик маселелерге туш болобуз.
Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги уламдан улам курч маселеге айланууда. Миграцияга байланыштуу Кыргызстан көптөгөн квалификациялуу кадрларын жоготконун сиздер билесиздер. Кадрлардын жетишсиздигинин биринчи белгилери көрүнө баштады - Кыргызстандын курулуштарына жана цехтерине жумушчулар Өзбекстан,Тажикстан, ал тургай Кытайдан келип жатышат. Бирок алигиче Өкмөт тарабынан квалификациялуу кадрларды даярдоонун так механизми сунуш кылынган жок.
Кийинки маселенин да актуалдуу экенине сиздер макул болосуздар деп ойлойм. Узак жылдар бою социалдык блоктогу реформалар күтүлгөн натыйжаны берген жок. Кыргызстандын мамлекеттик бюджети социалдык болгонуна карабастан ушундай болду. Социалдык багыттагы реформалардын артта калышы зор ресурстарды өзүнө буруу менен өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө кедерги болууда.
Кийинки олуттуу маселе - бул өлкөнүн өнүгүүсүн регионалдык диверсификациялоо. Региондордун өнүгүүсүндөгү дисбаланс ички жана тышкы миграциянын аныктоочу фактору болуп калды, ошондой эле республиканын айрым райондорунун деградациясына алып келди.
Ушул эле коркунучтардын кыскача тизмесине карап туруп, калкыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча стратегиялык милдетибиз тышкы жана ички факторлор менен аныкталган олуттуу кыйынчылыктар менен коштолгону жөнүндө корутунду жасасак болот. Бизде жайбаракат аракет жасаганга убакыт калган жок, кечиктирбей бүгүн чара көрүү зарыл!
Азыркы учурда парламентте социалдык-экономикалык программалары калктын эң көп ишенимин алган партиялар катышып жатканы абдан маанилүү. Жогорку Кеңеш менен Өкмөт биргелешип иш жүзүндө ушул ишенимди актоо менен ошол программалардын келечеги канчалык экенин көрсөтүүгө тийиш.
Биринчи кезекте аракеттер өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана экономикалык өсүш тенденцияларын улантууга багытталууга тийиш. Мында тышкы таасирлерге туруштук берүү жөндөмүн жогорулатуу чоң мааниге ээ. Ошону менен катар орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү коркунучтарга тиешелүү жана оперативдүү каршы туруу милдети дагы турат. Урматтуу депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү!
Менин оюмча бардык аракетти алты актуалдуу маселелер блокторуна багыттоо зарыл. Алардын ар бири боюнча биргелешкен аракеттер менен тиешелүү мыйзам долбоорлорунун пакеттери иштелип чыгууга тийиш.
Биринчи кезекте сөз ички ресурстарды пайдалануу менен тышкы ресурстарды тартууну натыйжалуу айкалыштыруу жөнүндө болуп жатат. Буга байланыштуу принципиалдуу моменттин бири болуп кыргыз экономикасынын өнүгүү тенденцияларындагы керектөө форматын инвестициялоо форматына буруу болуп саналат.
Андыктан коркпостон, бирок ой менен таразалап туруп өлкөнүн ичиндеги финансы ресурстарын максималдуу колдонууга шарт түзгөн жаңы финансы инструменттерин киргизүүбүз керек. Биринчи кадам катары Өкмөт Камбарата 1 жана 2, эл аралык маанидеги автомагистралдар сыяктуу ири улуттук долбоорлорго узак мөөнөттүү облигацияларды чыгарууну караштырууга тийиш.
Бүгүн биз чечкиндүү түрдө мамлекеттик менчикте калган объекттерди менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратууга барууубуз зарыл. Ал үчүн мындан мурунку менчиктештирүүнүн натыйжаларын туура деп таап жана жаңы этапты баштоогго тийишпиз. Бардык процесстердин айкындуулугу жана мыйзамдуулугу бул иштердин негизги өзгөчөлүгү болуп калышы зарыл.
Фонд рыногунда ири ишканалардын акциялары милдеттүү түрдө айланып турушу инвестицияларды топтоонун маанилүү инструменти болооруна терең ишенем. Андан тышкары мамлекеттик ишканалардын бардыгын тең акционердик коомдорго айлантуу зарыл. Алардын акциялары фонд рыногунда сунушталууга тийиш.
Банктарды мындан ары капиталдаштыруу экономиканын финансылык жактан жагымдуу болушун бекемдеген чечүүчү элементтердин бири болуп калат. Жаңы жылдан баштап банктардын капиталына болгон талапты эки эсе көбөйтүүнү сунуш кылам. Банктарды капиталдаштыруу маселелерин чечүү менен бирге алардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Алсак, коммерциялык банктарга төлөөгө жөндөмдүү корпоративдик баалуу кагаздарга инвестициялоо укугун берүүгө тийишпиз.
Финансы системасынын туруктуулугу маселесин чечүүдө дагы бир катар кошумча чараларды көрүүгө тийишпиз. Өлкөнүн көз каранды эмес кредит рейтингин алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү баштоо, ошондой эле инвестицияларды камсыздандыруунун кошумча институттарын ишке киргизүүнү актуалдуу деп эсептейм. Алсак, Жогорку Кеңеш жана Улуттук Банк жакын аранын ичинде банкка салынган каражаттарды коргоо боюнча мыйзамды кабыл алууну тездетүүгө тийиш.
Өлкөдөгү инвестициялык ресурстардын олуттуу резерви болуп камсыздандыруу рыногунун каражаттары саналат. Бул системадагы каражаттарды жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу аркылуу көбөйтүүгө болот.
Өлкөнүн Социалдык фонду өнүгүү үчүн зарыл болгон кыйла акча каражаты бар финансы рыногунун катышуучусу болуп саналат. Социалдык фонддун ресурстарын мамлекеттик облигацияларга айландырып, улуттук долбоорлорду инвестициялоого колдонуу зарыл.
Демилгелердин экинчи блогу инфраструктураны колдоо жана экономиканы модернизациялоо менен байланыштуу. Алар эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өндүрүштү интенсификациялоого багытталган.
Ресурстардын чектелүү экенин эске алуу менен биз өлкөнүн базалык инфраструктурасынжолдор жана коммуникацияларды, энергетиканы, ирригацияны жана таза суу менен камсыз кылууну гана каржылоону колдоого тийишпиз.
Жолдор боюнча кошумча инфраструктуралары менен Ош-Сарыташ-Иркештам, БишкекНарын-Торугарт, Иркештам-Сарыташ-Карамык, Каракол-Тюп-Кеген транс-улуттук коридорлору приоритет болуусу керек. Бул долбоорлор бюджеттен биринчи кезекте каржыланууга тийиш.
Бул сектордо жеке бизнес менен мамлекеттин өз ара мамилесиндеги жаңы механизмдерге байланышкан олуттуу өзгөртүүлөр талап кылынат. Бул үчүн акы төлөнчү жолдор жөнүндө мыйзамды ишке киргизүү, жол фондунун иштешинин жаңы концепциясы керек. Андан тышкары авиатранспорт кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл.
Энергетика секторунда Камбарата-2нин курулушун бүткөрүүгө колдоону улантуу керек. Өкмөттүн алдында 2009-жылдын аягына чейин биринчи агрегатты ишке киргизүү милдети коюлган. ГЭСти курууну бүткөрүү өлкөнүн ири долбооорлорду өз күчү менен татыктуу ишке ашыра тургандыгын айкын көрсөтөт. Өкмөт Камбарата-1 долбоору боюнча иштерди тездетүүгө тийиш. Улуттук долбоорлордун катарына "Датка" жана "Айгүлташ" подстанцияларын куруу, Тажикстанга электрэнергиясын экспорттоо үчүн линияларды куруу дагы кирет. Ушуну менен катар өлкөнүн энергосистемасындагы линияларды жана подстанцияларды оңдоо боюнча иштерди алып баруу зарыл.
Улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу учурунда Жогорку Кеңештен жана Өкмөттөн чарба субъекттеринин, ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттер жана өлкөнүн энергетика секторунун ортосундагы карыздарды жоюу жана реструктуризациялоо маселесин чечүүнү суранам. Бирок мында бошогон ресурстарды энергетиканын негизги фондуларын жаңылоого пайдалануу негизги шарт болот.
Өлкөдө энергиянын коромжусун азайтып, аны үнөмдөө республикабыз башка энергоресурстардан, анын ичинде углеводород чийки затынан көз каранды болуп турганда өзгөчө актуалдуу болуп турат. Мен Өкмөттөн бул маселе боюнча реалдуу сунуштарды күтөм.
Мамлекеттик инвестициялар экономикада, анын ичинде айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу маселесин чечүүгө шарт түзүүгө тийиш. Бул планда биздин алдыбызда ирригация системасына жана ветеринарияга колдоо көрсөтүү милдети турат. Иш жүзүндө башка багыттагы каржылоонун натыйжасы төмөн.
Ошону менен катар Кыргызстан үчүн калкты таза суу менен камсыз кылуу түпкү маселенин бири экенин түшүнүүбүз зарыл. Бул маселени чечүү айрыкча региондордо калктын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча ар тараптан үзүрлүү болоору белгилүү.
Мындан тышкары Өкмөттөн айыл чарбасында үрөн жана асыл тукум чарба секторунда структуралык реформаны ишке ашыруу менен гана чектелбестен бюджет аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү суранам. Бул субъекттердин мамлекет алдындагы карыздарын жоюп жана терең реструктуризациялоо зарыл.
Экинчи блоктогу кийинки маселе - бул технологиялык жактан артта калууну жоюу үчүн мамлекет тарабынан кубаттуу колдоо көрсөтүү. Албетте импорттолуучу негизги каражаттарга кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча иш чаралар оң таасирин тийгизди. Бирок айтып кетким келет, бажы процедураларынын бюрократияланышы бул иш чаралардын натыйжасын төмөндөттү.
Экинчи жагынан көптөгөн өндүрүштөргө мамлекеттин жардамысыз бүгүнкү күндө өз алдынча баасы кымбат заманбап технологияны жана техниканы сатып алуу мүмкүн эмес. Аларды колдош үчүн ишканаларды жаңылоого багытталган мамлекеттик кредит системасын түзүү, мамлекеттик, тармактык лизинг компанияларын түзүү зарыл болуп жатат.
Жеке инвестицияларды мобилизациялоо жана модернизациянын өсүшү үчүн фискалдык маанидеги иш чаралар оң таасирин тийгизет. Алсак, негизги каражаттарды импорттоо учурунда кошумчаланган нарк салыгынан бошотуу, кайра иштетүү тармагынын субъекттерин кайрадан инвестицияга жумшалган пайдага болгон салыктан бошотуу, тездетилген амортизация механизмдерин, лизингди өнүктүрүү боюнча иш чаралар талап кылынат.
Менчикти ишенимдүү коргоону камсыз кылуу дагы өнүгүүнүн принципиалдуу моменти болуп саналат. Биз туруктуу өнүгүүнү чыныгы көз карандысыз сотторсуз жана иштиктүү укук коргоо органдарысыз камсыз кыла албайбыз.
Өнөр жайды өнүктүрүп, аны модернизациялоону ишке ашыруу менен биз Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясында коюлган экономиканы инновация нугуна буруу боюнча милдетти аткарууга тийишпиз. Кошулуп каржылоо негизинде инновацияга багтытталган бир катар программаны ишке ашыруубуз зарыл. Технопарктарды өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө эң кур дегенде 10 жыл айтып келе жатабыз. Бирок эмгиче Өкмөт бул маселе боюнча бир дагы реалдуу долбоор сунуш кылган жок.
Буга байланыштуу инновация иштерин салык, финансы жана экономикалык жактан тескей турган нормаларды аныктаган мыйзамдар пакетин иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуш кылам.
Албетте инновациялык өнүгүү жана мекенибиздин өнөр жайынын конкуренция жөндөмүн арттыруу маселелерин квалификациялуу кадрларсыз чече албайбыз. Буга мен жакында болгон Кыргызстандын калкына кайрылуумда өзгөчө көңүл бөлгөн элем.
Андыктан иш чаралардын үчүнчү блогу квалификациялуу кадрларды даярдоо жана алар менен экономиканы камсыз кылуу маселесин чечүү болот.
Эмгек, адам ресурстары чөйрөсүндө эмгек ресурстарына учурдагы жана келечектеги сурооталапты эске алуу менен мамлекеттик саясатты калыптандырууга убакыт келип жетти.
Кыргызстан квалификациялуу кадрларды бардык деңгээлде даярдоо боюнча өнүккөн системага жетише элек. Кадрларды даярдоонун структурасы экономиканын талабына жооп бербейт. 2008-жылдан баштап тармактар жана региондордун эмгек ресурстарына болгон талабы боюнча балансты даярдоо зарыл.
Муну менен катар билим берүү системасын кайра түзүү - техника басым кылган тармактардагы жумушчу кадрлардын жетишсиздигин жоюуга багыттоо керек. Кызматкерлерди даярдоонун, кайра даярдоонун жана жумушка орноштуруунун заманга жараша системасын түзүү боюнча иштер болушу керек. Жогорку окуу жайлары үчүн негизги багыт жана мотив эмгек рыногундагы суроо-талап болууга тийиш.
Мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү механизмин кесиптик-техникалык билим берүүдө колдонуу максатка ылайык. Жумуш берүүчүлөр башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерин өнүктүрүүдө кеңири катышуусун камсыз кылуу максатында салык мыйзамдарын өркүндөтүү зарыл.
Мындан тышкары "Эмгек кодекси" экономиканын рынок принцибинде иштешине ылайык болбогондуктан аны толугу менен кайра карап чыгуу керек. Кызматкерлерди колдоо менен жумуш берүүчүлөрдү коргоо боюнча жоболор шайкеш болгондой кылып нормаларды кайра карап чыгуу зарыл.
Муну менен катар жаштардын арасында жумушчу кесиптеринин аброюн жогорулатуу үчүн алар жөнүндө коомдук оң пикирди калыптандыруу, анын ичинде мектеп окуучулары үчүн чыныгы кесип тандоо системасын кайра жаратуу максаты турат.
Өндүрүшкө барган жаш адистерге, өзгөчө айыл жерине баргандарга социалдык жеңилдиктердин жана гарантиялардын пакетин иштеп чыгуу билим берүү процессин алга жылдырган жаңылык болуп калат.
Улуттук долбоорлордун бири катары мен "10 топ-менеджер" президенттик программасын сунуш кылам. Анын максаты жылыга экономиканын приоритеттүү тармактарына, анын ичинде энергетика жана кайра иштетүү тармактары үчүн жогорку звенодогу 10 менеджерди даярдоо. Урматтуу депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү!
Эми фискал саясаты - биздин иш чаралардын төртүнчү блогу жөнүндө айталык. Мындан мурунку Кыргызстан өз алдынча болгондон бери өлкөдө жүргүзүлгөн салык реформалары айтсаң акылга сыйбас мааниде болушкан. Алар өнүгүү боюнча концептуалдык документтерде көрсөтүлгөн приоритеттерди стимулдоо максатына багытталган эмес эле.
Бир мисал келтирейин. Бардык программаларда жана стратегияларда биз кайра иштетүү өнөр жайы номер биринчи приоритет деп айтып келгенбиз. Иш жүзүндө болсо бул тармактын ишканаларына болгон салык соода ишкерлерине караганда көбүрөөк болгон.
Салык чөйрөсүндө биздин аракеттердин логикасы төмөнкүдөй болууга тийиш.
Биринчиден - стабилдүүлүк жана салык саясатынын кандай болоору алдын ала билингени. Мунсуз экономиканын стратегиялык өнүгүүсү жана кандайдыр бир узак мөөнөттүү инвестициялар жөнүндө сөз кылып да болбойт.
Экинчиден - ырааттуу жана эсеби менен салык түйшүгүн азайтуу. Бул жерде принцип бирөө эле: салык чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр салык төлөөчүнүн абалын начарлатууга тийиш эмес. Так ушул себептен акыркы эки жылдын ичинде биздин биринчи кадамдар салыкты азайтуу жана бир катар салыктарды жоюу болду.
Үчүнчү принцип - бул салык төлөөчүнү ак ниет жана күнөөкөр эмес деп эсептөөнүн негизинде салык системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократиядан арылтуу. Бүгүн бизге экономиканы жалпысынан бюрократиядан арылтуу боюнча иш чаралардын пакети зарыл болуп жатат. Кырдаалды талдоо көрсөткөндөй так ушул административдик тоскоолдорго такалып, көп маселелер айлап-жылдап чечилбей келе жатат. Биз мыйзамдар, өзгөчө салык боюнча мыйзамдар тике мааниде болуп, ар түрдүү чечмелөөгө муктаж болбогонуна умтулуубуз керек.
Аталган принциптерге таянуу менен ишибиздеги приоритеттерди дагы тартипке келтирүүгө тийишпиз. Азыркы учурда Салык Кодексинин жаңы редакциясы боюнча иштер аяктап калды. Ал эки критерийге таянат: бизнеске шарт жакшыртууга өбөлгө болот жана бюджетти туруктуу толтурууну камсыз кылат. Жогорку кеңештин депутаттарынан жана Өкмөттөн өтүнөөрүм - бул талкууну өтө созбосоңор. Биз 2009-жылга Салык кодексинин жаңы редакциясы менен баруубуз зарыл.
Экономикалык ишмердикке салык салуу менен керектөөгө салык салуунун ортосундагы балансты түздөө керек. Алсак, кыймылсыз мүлккө салык салуу боюнча ишти аягына чыгаруу зарыл. Бул - биринчиден, социалдык жактан адилет иш, экинчиден, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы базасын жакшыртат. Үчүнчүдөн кыймылсыз мүлктүн реалдуу рыногун калыптандырууга өбөлгө болот.
Ошону менен катар кыймылсыз мүлк жана автотранспортту сатканда алынуучу жүгүртүү салыгын киргизүү зарыл. Парламенттин жана Өкмөттүн азыркы азыркы курамы бул көптөн бери келе жаткан маселени аягына жеткире чече алаарына шегим жок.
Салык салуу боюнча бизнести уюшуп жүргүзгөндөр менен жеке бизнес жүргүзгөндөрдүн ортосундагы балансты дагы түздөө зарыл. Бүгүнкү күндө жеке бизнес жүргүзгөндөрдүн утушу салыштырмалуу абдан көп болуп жатат.
Төмөнкү деңгээлдеги бюджеттердин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында жер салыгынын ставкасын жогорулатуу керек. Бул болсо жер сыяктуу активди пайдасыз кармап туруудан арылтып, анын ээсин же пайдаланып, же продукция өндүргөн кишиге берүүгө аргасыз кылат.
2008-2009-жылдарында салык жыйноону администрациялоо боюнча кырдаалды олуттуу жакшыртуу зарыл. Өлкөдө жалпы салык декларациясына өтүү боюнча иш чараларды баштоо керек. 2009-жылдан баштап өлкөдө бул норма ишке киргизилүүгө тийиш деп эсептейм.
Практика көрсөткөндөй бизнеске кулак төшөп кошумча нарк салыгынын ставкаларын азайтуу мүмкүндүгүн карап көрүү зарыл. Бирок кошумча нарк салыгы бюджетте чечүүчү мааниге ээ экендигин эске алуу менен Өкмөт бул маселеге кылдат мамиле жасоого тийиш.
Биздин ишканалардын конкуренцияга жөндөмүнүн олуттуу фактору социалдык чегерүүлөрдүн жогору ставкалары болуп жатат. Буга байланыштуу мурунку пенсия жашын калыбына келтирүүгө кайрылуубуз зарыл деп эсептейм жана анын эсебинен социалдык чегерүүлөрдүн ставкаларын төмөндөтүүгө болот. Ставкаларды төмөндөтүү жылына 2 пайыздан кем эмес болууга тийиш.
Бюджет саясатын карасак, андагы негизги маселе мамлекеттик ресурстарды пайдалануу натыйжасын жогорулатуу. Буга байланыштуу бюджет ресурстарын пайдалануунун натыйжасын баалоо системасын киргизүү жана аны жалпы элге жарыялоо практикасы зарыл.
Азыркы учурда өлкөдө баланс жок болуп жатат. Мамлекеттик отчет формалары иш жүзундө финансы агымдарын көрсөтөт, бирок активдер менен милдеттенмелер чагылдырылган эмес. Өкмөт мындай отчет даярдоону баштоо керек жана аны мамлекеттик бюджет менен катары эле талкууга киргизүүгө тийиш.
Маселелердин бешинчи блогу социалдык реформалар менен байланышкан. Так ушул багытта абдан чечкиндүү реформалар талап кылынат.
Калыптанган практика рыноктун талабына жооп бербейт жана бюджетке кыйла оордук алып келет. Акыры жүрүп мамлекет көрсөткөн кызматтардын минималдуу стандартын так аныктоо зарыл.
Билим берүү чөйрөсүндө негизги приоритет болуп мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү саналат - бул мамлекеттин функциясы. Жогорку жана кесиптик билим берүүдөгү мамлекеттин ролун кайра карап чыгуу зарыл. Инфраструктураларды каржылоо системасынан бүтүрүүчүлөрдү каржылоо системасына өтүү керек. Келечекте жогорку билим берүү мамлекеттик заказ механизмин колдонуу менен рынок принциптерин жетекке алуусу зарыл.
Жогорку билим берүүнүн сапатынын стандарттарын кайра карап чыгуу жана катаалдаштыруу керек. Билим берүүнүн наркын кыйла жогорулатуу жана нарктын жогорку чегин жоюу багытында билим берүүгө төлөөлөрдүн механизмин кайра карап чыгуу зарыл.
Жогорку билим берүу системасы үчүн бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаты боюнча коомдук рейтинг киргизүү зарылдыгы эчак бышып жеткен. Бул чөйрөдө конкуренция болмоюнча административдик чараларды колдонуу менен гана сапатты жогорулатуу мүмкүн эмес. Буга жогорку окуу жайларында академиялык автономияны киргизүү дагы өбөлгө болот.
Бошогон каражаттарды мектептерди техникалык жактан жабдууга жумшаса болот. Алсак, компьютер менен жабдууга, келечекте болсо республиканын бардык мектептерин Интернетке кошууга шарт түзүлмөк.
Саламаттык сактоо системасында бул секторду башкарууну кайра карап чыгуу зарыл болуп турат. Алсак, биринчи кезекте көңүлдү практикалык саламаттык сактооого эмес, коомдук саламаттык сактоого буруу зарыл. Мамлекеттин функциясы оорунун алдын алуу саясатына багытталууга тийиш. Практикалык саламаттык сактоодогу медициналык кызматтарды көрсөтүүнү рынок принциптерине айкалыштыра баштоо керек. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандырууну кайра түзүүнү аяктоо зарыл.
Ушуну менен катар мамлекет оокаты начар калк катмарына медициналык кызмат көрсөтүү боюнча милдеттүу экенин так белгилеп кетким келет. Бул максатта биз саламаттык сактоонун базалык кызмат көрсөтүүсүн аларга камсыз кылуубуз зарыл. Ар бир адам мамлекет анын ден соолугу үчүн кам көрө турганына ишенүүсү керек.
Өкмөт илимге өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Академиялык илимдин бүгүнкү негизги милдети - бул дүйнөдөгү конкуренцияга жөндөмдүү илим, технология жана продукты жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу. Биздин илимдин жакынкы жылдардагы жетишкендиктери стратегиялык тармактардын ийгилигин гана аныктабастан, өлкөдөгү коомдук процесстердин өнүгүшүн дагы аныктайт.
Илимдин келечеги өлкөдө инновациялык өсүштү камсыз кылуу жөндөмүно байланыштуу, демек анын өндүрүш жана кесиптик билим менен интеграцияланышына жараша болот. Бул жерде мен ушул үчөө ар башка жол менен бара жатат деген пикирге кошулам.
Илим чөйрөсүндө өлкө үчүн приоритеттүу багыттарда фундаменталдуу жана практикалык натыйжа алууга багытталган жаңы мамлекеттик саясат иштеп чыгуу жана ишке ашыруу инновациялык өнүгүүгө бурулуштун критерийи болуп калууга тийиш. Илимдин практикалык натыйжасы үчүн критерийи болсо бирөө гана. Ал ички, же тышкы рыноктогу бул натыйжага болгон суроо-талап.
Жана акырында биз дайыма эле жетиштүү түрдө көңүл бөлө албай келген алтынчы блок - региондордун өнүгүшү.
Жаңы экономикалык саясатта регионалдык саясатты ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Жер-жерлерде өнүгүү болмоюнча өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес. Өнүгүү маселесинде тармактар жана секторлор боюнча гана долбоорлорду приоритеттештирүү менен чектелүү туура эмес. Ар бир долбоор конкреттүү маселени чечсе, долбоорлорду комплекстүү ишке ашыруу бүтүндөй региондорду жандандырууга шарт түзүүгө тийиш. Бул планда биринчи кезектеги милдеттердин бири болуп улуттук инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү саналат. Урматтуу депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү!
Экономикалык жана социалдык саясатты иштеп чыгуу жана ал боюнча бир пикирге келүүнүн натыйжасын жогорулатуу маселесин дагы козгогум келет.
Мен бийликтин бардык бутактары өздөрүнүн аракеттерин биздин стратегиялык документтерде аныкталган стратегиялык максаттарга толугу менен байланыштыруусу зарыл деп терең ишенем.
Ошону менен бирге эле экономикалык жана социалдык жаңы саясаттын негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр болушу керек:
- Ички Дүң Продукциянын өсүшү;
- инфляциянын деңгээли;
- экономиканын энергочыгымдуулугу;
- эмгектин өндүрүмдүүлүгү - калктын реалдуу кирешелеринин деңгээли; - жашоонун узактыгы.
Пландоо горизонту Өкмөт үчүн жана ар бир мамлекеттик орган үчүн 3 жыл болууга тийиш. Бул монетардык жана фискалдык саясат аркылуу аныкталат. Буга байланыштуу ар бир министрден жана ведомстволордун жетекчилеринен, губернаторлордон өздөрүнүн стратегиялык программаларын даярдоону суранам. Бул программалардын негизинде Өкмөттүн жана ар бир министрлик менен ведомствонун иши бааланат.
Өлкөдө орто мөөнөттө финансылык пландоо элементтерин киргизүүнү баштоо зарыл. Бюджет саясаты чөйрөсүндө 2009-жылдан баштап мамлекеттик бюджетти үч жылдык мөөнөткө пландоого өтүү принципиалдуу маселе деп эсептейм. Бул үч жылдык орто мөөнөттөгү бюджет мыйзам мүнөзүно ээ болууга тийиш. Бул бюджет ресурстарын сарамжалдуу жана ырааттуу пайдаланууга, келечекти баамдап иштегенге, так аныкталган бюджет саясаты болушуна шарт түзөт.
Мындан тышкары Улуттук Банк жана Өкмөт тарабынан өлкөнүн финансы системасын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү аракеттердин платформасын милдеттүү түрдө коомго жарыялоо практикасын киргизүү зарыл.
Менин оюмча бүгүн экономикалык саясаттагы Улуттук банктын ролун кайра карап чыгуу актуалдуу болуп турат. Экономиканы өнүктүрүүдө Улуттук банктын ролун жогорулатууну сунуш кылам. Азыркы учурда Улуттук банк инфляция процесстери жана банк системасынын стабилдүүлүгү үчүн гана жооп берет. Анын негизги функцияларынын бири экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү деп эсептейм. Буга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип жана анын функцияларын модернизациялап, тиешелүү милдеттерди жүктөө керек.
Ошондой эле заманбап башкаруу механизмин өздөштүрүү учурдун талабы болуп жатат. Бул максатта Өкмөт бардык мамлекеттик башкаруу органдарына тиешелүү болгон регламенттерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш. Бул регламенттерди саясатты талдоо жана регулятивдүү таасир көрсөтүүнү талдоо технологиясын максималдуу колдонуу менен иштеп чыгуу керек.
Сөзүмдү аяктап жатып белгилеп кетким келет - биз ыкчам жана бирдиктүү иштешибиз зарыл. Бардык пландар ийине жеткирилип иш жүзүнө ашырылууга тийиш. Бүгүн өлкөбүз Жогорку Кеңештен жана Өкмөттөн өнүгүүгө зарыл чечимдерди күтөт!
Сайттан көчүрүлүп басылды: kyrg.president.kg
Басылган датасы: 14.01.2008 [12:13]
Жарыяланган датасы: 10.01.2008 [12:02]