Редакцияот 25.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 25-июну № 309-б

"Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун өнөр жайлык иштетүүнү ишке ашыруу максатында:

1. "Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 128-б буйругу менен түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жер казынасын пайдалануу укугу үчүн "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы төлөм (бонус) төлөшүн кароо менен "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы менен белгиленген тартипте лицензиялык макулдашуу түзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов