Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-июлу № 331-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2008-жылдын 10-январында кайрылган билдирүүсүнө ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлорду каржылоону камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, топтун жетекчиси;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Давлеткельдиева Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Шамшиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү;
Примов А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Абдыбалы тегин Сүйөркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Таткулов Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдраев А.К. - Кыргыз Республикасынын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Толубаев А.Ж. - Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Жумушчу топ улуттук инвестициялык долбоорлорду каржылоону камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча механизмдин долбоорун үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |