Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-ноябры № 571-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Alaris AG" жана "Pan Plan Gmbh" компанияларынын, Вена, Австрия, ортосундагы ниеттер жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. 1-пунктта көрсөтүлгөн Протоколдун жоболорунун аткарылышы үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси С.А.Айжигитов (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги аныкталсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, бир тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана экинчи тараптан Австрия Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизделген жана аракеттенген, FN 299050f номери менен катталган жана Meldemannstrabe18, А-1200 Wien, Австрия дареги боюнча жайгашкан "Alaris AG" акционердик коому жана Австрия Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизделген жана аракеттенген, FN 205035у номери менен катталган жана Kegelgasse 14, А-1030 Wien, Австрия дареги боюнча жайгашкан "Plan Pan GmbH" компаниясы:
2008-жылдын 12-августунда Вена шаарында кол коюлган эки тараптуу тышкы экономикалык байланыштар боюнча Аралаш кыргыз-австриялык Комиссиянын үчүнчү жыйналышынын протоколун эске алып,
төмөндөгүдөй түшүнүшүүгө келди:
1-берене.
1. Ниеттер жөнүндө бул Протоколдун (мындан ары - Протокол) максаты Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын жана Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн Мастер-планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
2. Бул Протоколду ишке ашыруу төмөнкүдөй этаптар боюнча жүрөт:
1-этап:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын ыйгарым укуктуу органы менен "Alaris AG" жана "Plan Pan GmbH" компанияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө бардык зарыл макулдашууларды 2009-жылдын 31-январына чейин даярдоо жана аларга кол коюу.
2-этап:
Пилоттук долбоорлорду инвестициялоо үчүн бул Протоколду ишке ашыруунун 1-этабында каралган макулдашуулар күчүнө кирген күндөн тартып "Alaris AG" компаниясы минималдуу 1 млн. евро өлчөмүндө каржылашы.
3-этап:
Бул Протоколду ишке ашыруунун 1-этабында каралган макулдашуулар күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү түзүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты, анда үлүштүн 51%и Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, 49%и "Alaris AG" жана "Plan Pan GmbH" компанияларына таандык болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын аймагында "Alaris AG" Менеджмент Фондунун филиалын түзүү, анын негизги милдети болуп ушул Протоколдун алкагында долбоорлорду каржылоо саналат.
4-этап:
Иштелип жаткан "Alaris AG" Мастер-пландын алкагында Менеджмент фондунун филиалына ушул Протоколду ишке ашыруунун 3-этабынын шарттары аткарылган күндөн тартып 150 млн. евродон кем эмес өлчөмдөгү сумманы инвестициялай баштоо болжолдонууда.
5-этап:
Бул Протоколду ишке ашыруунун 1-этабында каралган макулдашуулар күчүнө кирген күндөн тартып 2 жылдын ичинде "Plan Pan GmbH" компаниясы Мастер-планды иштеп чыгышы, анын натыйжалары боюнча Тараптардын андан аркы ишин пландаштыруу жүзөгө ашырылат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын ыйгарым укуктуу органдары мыйзамда белгиленген тартипте "Alaris AG" жана "Plan Pan GmbH" компанияларына же алардын ыйгарым укуктуу жактарына Мастер-планды даярдоонун жана ишке ашыруунун алкагында зарыл маалыматты, атап айтканда, төмөнкүлөрдү берет:
- Техникалык инфраструктураны (транспорт, энергия менен камсыз кылуу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, сугаруу, таштандыларды жана саркынды сууларды утилдештирүү, телекоммуникациялар);
- Социалдык инфраструктураны (билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана маданият, коомдук башкаруу);
- "Alaris AG" жана "Plan Pan GmbH" же алардын ыйгарым укуктуу жактары үчүн ушул Протоколдун алкагында кызыкчылыкты билдирген башка ачык маалыматты.
3-берене.
Жетишилген макулдашууларга ылайык Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын ыйгарым укуктуу органдары Мастер-планды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтөт деп макулдашты. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2 жылдын ичинде этап-этабы менен 4,5 млн. евро суммасындагы үлүштүк тең каржылоону (51%и - бул Протоколдун 1-беренесинин 3-этабында каралган юридикалык жактын уюштуруу капиталы; 50%и - бул Протоколдун 1-беренесинин 5-этабында көрсөтүлгөн Мастер-планды ишке ашырууну каржылоо көлөмү) кабыл алууга даяр.
4-берене.
1. Тараптар толук өз ара түшүнүшүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт.
2. Бул Протоколду колдонуу жана ишке ашыруу жагынан Тараптардын ортосундагы талаштар жана пикир келишпестиктер консультация жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене.
1. Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча бул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Протоколдун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Бул Протокол 2008-жылдын "__" _________ __________ шаарында эки нускада, ар бир кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
_______________________ ___________________________
Кыргыз Республикасынын "Alaris AG" жана "Plan Pan GmbH"
Өкмөтү үчүн компаниялары үчүн