Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-сентябрындагы № 412-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-ноябры № 616-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-февралындагы № 53-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Салыктык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитетинин курамына (1-пункт) төмөнкүлөр киргизилсин:
- А.К.Келдибеков, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары катары;
- А.М.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, Координациялык комитеттин мүчөсү катары.
2. Салыктык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитетинин курамынан Т.Б.Курманбеков, Э.А.Исаков чыгарылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|