Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-сентябры № 412-б
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2007-жылдын 7-августунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоор (0077 - КGZ SF)" гранттык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Жарлыгы менен ратификацияланган "Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоор" деген гранттык макулдашууга ылайык, ушул долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан ишти координациялоону камсыздоо максатында:
1. Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Координациялык комитеттин - төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары.
Координациялык комитеттин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, долбоордун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Салыктык консультанттар палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча).
2. Координациялык комитет жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдап турсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-февралындагы № 53-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 616-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 273-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 50-б буйругу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |