Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-декабры № 629-б
Агрардык секторду натыйжалуу жана кирешелүү өнүктүрүү аркылуу айыл калкынын жакырчылык деңгээлин азайтуу, жайыттарды башкарууну жакшыртуу, тоют өндүрүшүн өнүктүрүү, малдын ден соолугун коргоого багытталган мал чарбасындагы негизги көмөкчү кызматтарды чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" (№ DSF 8021-KG) долбоору жөнүндө Гранттык макулдашуунун долбоорунун расмий тилдеги тиркелген тексти жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|