Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-декабры № 636-б
1. 2008-жылдын 15-20-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раунду өткөрүлсүн.
2. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раундун өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Делегация мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 636-б буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Жунушалиев Т.Э. - Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Миңбаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;
Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Осипов С.В. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы күзөтү башкармалыгынын башкы инспектору;
Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;
Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын бөлүм начальниги;
Сатыбалдиев А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун жер жайгаштыруу боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору;
Ботобаев К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адис;
Бегматаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоң-Алай райондук башкармалыгынын начальниги;
Жалилов А.Ж. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Лейлек райондук башкармалыгынын начальниги;
Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын жетекчиси - министр М.Исмаилов