Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 17-апрелинин № 166-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-декабры № 661-б
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата "Жылуулуккоммунэнерго" ишканасына 2008/2009-жылдын жылытуу мезгилинен өтүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- 1000 (бир миң) тонна жагуучу мазутту Чолпон-Ата "Жылуулуккоммунэнерго" ишканасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баа боюнча сатсын;
- эки күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жагуучу мазутка бааны белгилөө үчүн эсептик материалдарды берсин;
- мазутту сатуудан түшкөн акча каражатын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жагуучу мазутту сатуудан түшкөн акча каражатын "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо учурунда эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик он күндүк мөөнөттө жагуучу мазутка бааны белгилесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|