Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-апрели № 166-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 7-сентябрындагы № 497-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын калкын электр жана жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жана Бишкек шаарынын ЖЭБин отун менен камсыздоо маселесин чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде сактоодо турган "ТКМ-16" маркасындагы 2965 тонна жагуучу мазутту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген баа боюнча "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте сатсын;
- жагуучу мазутту сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке жиберсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 497-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 497-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
2-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагуучу мазутка бааны релгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 497-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 661-б буйругунун колдонулушу токтотулсун жана күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |