Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-июлу № 350-б
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык, ишкердик субъектилерин негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз (техникалык) жардам катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга уруксат берилсин:
- 2003-жылы чыккан, кыймылдаткыч № ТD42167832, кузов № J№1TСSҮ61Z0535742 жеңил универсал "Ниссан-Патрол" маркасындагы автомашинаны;
- 2002-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 7019730, кузов № ХТА21213021649642 жеңил универсал "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |