Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 375-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б
буйругунун редакциясына ылайык)
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу максатында:
1. Төмөндөгүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Тулеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Сыйданов К.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кененбаев Б.О. - Чүй облусунун Ысыката районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Токтосартов А.Т. - "Руханият" Эл аралык ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Керексизов Т.Д. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Исмаилов Э.Ж. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Асанбаев К.М. - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Токомбаев Т.А. - Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- жарандык аза күтүү расымы өткөрүлүүчү жер - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, 2008-жылдын 23-июлунда саат 10:00до;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. А.Жумахматовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн. 100000 (жүз миң) сом бөлүп берүү 2009-жылы жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 375-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т буйруктарынын редакцияларына ылайык)
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)