Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-июлу № 375-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т буйруктарынын редакцияларына ылайык)
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- жарандык аза күтүү расымы өткөрүлүүчү жер - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, 2008-жылдын 23-июлунда саат 10:00до;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. А.Жумахматовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн. 100000 (жүз миң) сом бөлүп берүү 2009-жылы жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |