КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 24-октябрындагы № 500-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-июлу № 376-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 100-б буйругу менен түзүлгөн "САSА-1000" долбоорунун комиссиясынын кыргыз бөлүгүн техникалык жактан колдоону камсыз кылуу максатында:
1. "CASAREM" долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин комиссиясынын кыргыз бөлүгү жана "CASAREM" долбоорунун эксперттери менен иштөө үчүн төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Азыков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининреалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгынын начальниги;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардамдашуу стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Иминов П.Т. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Искаков Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын начальниги;
Калиев А.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти;
Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги;
Норузбаев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн начальниги;
Попов Л.Г. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун капиталдык курулуш жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Сарыбаева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы.
2. Жумушчу тобу "САSА-1000" долбоору боюнча энергетика секторунун потенциалын жакшыртуу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө техникалык колдоону ишке ашыруучу эксперттердин тобуна көмөк көрсөтсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |